Джеймс Уэбб космостук телескобу келерки жылы учурууга даярданып жатат. Ал азыртан эле толук жыйналып бүттү, инженерлер обсерваториянын бардык программалык камсыздоосун жана электроникасын комплекстүү сыноодон өткөрүштү — бул чогултулган телескоптун мындай жалпы сыноосу биринчи жолу. Бул сыноо акыркы сын сыноолордун бири болуп саналат. Мурда мындай сыноолор симуляторлордо жана обсерваториянын айрым элементтеринде жургузулсе, азыр инженерлер буткул монтажды сынап керушту.
Комплекстүү тест 15 күн бою жүргүзүлүп, анын ичинде 1070ке жакын сценарий же нускамалардын ырааттуулугу аткарылып, 1370ке жакын процедуралык кадамдар аткарылган. Бул сыноолор номиналдык режимде жүргүзүлгөн. Андан соң телескоп учуруу шарттарын симуляциялоочу бир катар акустикалык жана титирөө сыноолорунан өтөт, андан кийин инженерлер бүт системаны кайрадан сканерлейт. Андан кийин учурдагы сканерлөөнүн натыйжалары титирөө сыноолордон кийинки натыйжалар менен салыштырылат. Алар идеалдуу түрдө дал келиши керек.
Ошондой эле окуңуз: