Компаниялар Oppo жана Vodafone шериктештигин жарыялады. Телекоммуникациялык гигант кытай брендине Европа өлкөлөрүнүн рынокторун өздөштүрүүсүнө жардам берет.
Маалым болгондой, өнөктөштүк май айында башталат. Мунун аркасында Европа чөлкөмүнүн бир катар өлкөлөрүндө жакын арада Reno, Find X ж.б. линияларынан аппараттарды сатып алууга мүмкүн болот.
Кызматташтыктын биринчи этабы бренддин өнүмдөрүн Vodafone онлайн жана оффлайн тармактарында жети өлкөдө жайылтуу менен белгиленет. Май айында Германияда, Улуу Британияда, Испанияда, Португалияда, Голландияда, Румынияда жана Түркияда жаңы продукциялар пайда болот. Бул базарларда кытай бренди 4G жана 5G смартфондорун сатууну пландаштырууда. Ал эми келечекте кызматташтык башка өлкөлөргө да жайылат.
Ошондой эле караңыз: